"Жөн эле жакшы көрчү эмесмин". Түркиялык футболчу 5 жашар уулун өлтүргөнүн моюнуна алды

Түркиянын "Бурса Йылдырым Спор" футболдук клубунун курамында ойногон футболчу Жевхер Токташ өзүнүн 5 жаштагы уулун өлтүргөндүгүн моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде футболчунун 5 жашар уулунун дене табы жогору болуп, дем алуусу оор болуп жаткандыгынан улам "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер экөөнү тең коронавируска шектүү деп изоляцияга алышкан. Бир канча сааттан кийин уулу интенсивдүү терапия бөлүмүнөн каза болгон. Окуядан 11 күн өткөн соң Жевхер Токташ жергиликтүү полиция кызматына келип, уулунун өлүмүнө күнөөлүү экендигин айткан. Футболчунун айтымында, 23-апрель күнү уулу бөлмөдө жаткан учурда жаздык менен 15 мүнөт тумчуктурганын, качан гана уулу кыймылдабай калганда гана жаздыкты алган. Андан соң "Тез жардам" кызматын чакырган. Эмне үчүн өз колу менен уулун өлтүрүүгө баргандыгын болгону уулун жакшы көрбөгөндүгү менен түшүндүргөн.

"Мен кичүү уулумду төрөлгөндөн бери эч качан жакшы көргөн эмесмин. Эмне үчүн экенин билбейм. Ошол күнү ал мага жакпай турган, ошондон улам аны тумчуктуруп өлтүрдүм. Мен психикалык жактан оорулуу эмесмин", - деген футболчу.

Бул кылмышы үчүн ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
sirenaaaaa
2020-05-09 22:07:10
Ошондо эмне болницада жатканда олтуруп коюп жатабы?
+2
gulia90
2020-05-09 22:20:28
Тооба кылдым, ушундай да болобу.
+3
Ayka93
2020-05-09 22:21:52
Кудайым озун сактаа.Тумчуктуруп анан тез жардам чакырыптыр да.Кантип колу барды.
+2
Arai92
2020-05-09 22:24:49
Я в шоке.
-5
nazir76
2020-05-09 22:33:37
Ушуга окшогон жанылыкты чыгарбай эле коюш керек, элдин ан-сезимин бузат.
+16
natasha00
2020-05-10 01:53:04
nazir76,туура ушундай адамга жагымсыз окуяны чыгарууга тыюу салуу керек! Ушундай нерсени уга берип Элдер ушинтсе боло берет деп уйронот.Биздикилер жакшы нерсени уйронбойт, наборот!!!
+8
rola
2020-05-09 22:45:34
Мага бир сыр бардай эле сезилди.Озу олтурбогондур,балким моюунуна алгандыр.Эч акылым жетпеди ушу кантип болсун.
+3
AksyKum
2020-05-10 03:01:00
Журогум ооруп чыкты.
+1
Muratmipa
2020-05-10 05:26:16
Бирөөнүн үй бүлөөсү бизге карангы значит аялыдан шек санаганго может аялы башка бирөөдөн төрөгөн болушу мүмкүн
+2
Mylatka..
2020-05-10 05:35:44
Muratmipa,балада эмне куноо ,оорулу эмесмин дейт оорулуу учун кол уруп олтурду да манкурт тобаа кылдым ....
+1
katerina.li
2020-05-10 12:27:11
Muratmipa,тимеле агата Кристи,Шерлок Холмс болуп кетипсинер. Аялын башкадан торогонун карап турду белен шам кармап
-1
Pikir-add
2020-05-10 14:20:46
katerina.li,
Туура эле пикир да шэрло мэрлогу жок эле
Кошунасына окшоп турса
0
AksyKum
2020-05-10 14:36:16
Pikir-add,кошунасына окшоп турса кошунасы менен аылын олтурсун .балада эмне куноо
+2
Timurlan2017
2020-05-10 14:27:43
Урматтуу супер кж. Ушундай жаман нерселерди чыгарбай эле койгулачы. Сураныч. Эмне кереги бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан