Орусиянын президентине даярдалчу тамактын азык-түлүгү атайын лабораторияда текшерилет. Бул тууралуу "Кремлевдук" тамак-аш фабрикасынын мурунку башкы директору, Орусиянын ресторандар жана мейманканалар федерациясынын президенти Игорь Бухаров айтып бергенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, тамак федералдык күзөт кызматынын атайын ашканасында жасалат. Ал жерде сөзсүз санитардык дарыгер болот.
"Мен Владимир Владимирович Путин менен иштешкен эмесмин, бирок бир канча жолу биз тамактандырганбыз. Анда эч ким бизге кандайдыр бир артыкчылыктар жөнүндө айткан эмес. Ошондой эле кээде азыктар лабораториядан сыноодон өтпөй калганда, менюну тез арада өзгөртүүгө туура келет", - деп айтып берген Бухаров.