UFC 249: Тони Фергюсон ооруканага жеткирилди

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы убактылуу чемпиону Тони Фергюсон бүгүн АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринен кийин ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Фергюсон каршылашы Жастин Гейтжиден бир топ оор соккуларды өткөрүп алган. Беттештен кийин Фергюсондун абалы начар болгондуктан ооруканага жеткирилди. Аны менен чогуу бул турнирге катышкан дагы бир америкалык 30 жаштагы мушкер Нико Прайс дарыгерлердин жардамына муктаж болгондуктан ооруканага жеткирилди.

Тони Фергюсон 2012-жылдан бери 12 жеңиштен кийин алгачкы жеңилүүсү. Ал жалпы карьерасында 29 беттеш өткөрүп, 25 жеңиш жана төрт жолу жеңилүүсү бар.

Бүгүн, 10-майда Тони Фергюсон жердеши Жастин Гейтжиге беттештин бешинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Krai
2020-05-10 20:24:12
Күч атасын тааныбайт деген ушу да
+8
bond02
2020-05-10 20:32:16
Тони да орозо окшойт, вообще куч жок слабый го.
+12
Almazzbek
2020-05-10 20:43:14
Тони да картайыптыр күч жоко көк чай ичиип тапчанда отура турган маалы келиптир.
+11
Mina24
2020-05-11 01:23:49
Ойлонбой суйлоп мактанасын созду да чеги менен суйлош керек мына минтип токмок жедин озуна коп алы келбеген мушкер экен хабибдин кылган амалдарын биринда кыла албай суйлогонго кантип озун барды KG тонинин куйорманы окшойсун
+3
ilgizk
2020-05-11 01:30:53
Тони не то состоенияда болду башынан эле.
+1
souza.j
2020-05-11 11:48:52
Хабиб ХХХХХ болчу бул кейпинде
-1
D.I.D.
2020-05-11 14:31:04
Тони беттеш алдында 2 жолу вес таштаптыр.Ошого шалдыраптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан