Орусияда хоспистен өрт чыгып, 9 адам каза болду

Орусиянын Красногорск шаарындагы хоспистен өрт чыгып, 9 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Красногорск шаарындагы "Экинчи үй" ("Второй дом") аттуу пансионатында кырсык 11-майга караган түнү орун алып, 9 адам көз жумган. Кийинчерээк хоспистин эч кандай уруксат документи жок, кадимки үй катары катталганы аныкталган. Өрттөн каза болгон 10 адамдан сырткары 6 жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө түшүп, 3 адам ооруканада дарыланып жатканы айтылат. Учурда шаар администрациясы эвакуацияланган жарандарды жайгаштыруу маселесин чечүүдө.

Белгилей кетсек, хосписте 37 адам болуп, 20сы өз алдынча сыртка чыгууга үлгүргөн. Ал эми 17 чактысы камалып калган. Кырсык өрткө кылдат мамиле кылбагандыктан келип чыккан деп бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан