Орусиянын Бурятия Республикасынын Гремячинск айылынын тургуну 92 жаштагы согуштун ардагерине кол көтөрүп, Жеңиш күнү аны тоноп кеткен. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 52 жаштагы жаран 9-май күнү согуштун ардагерине келип, акча талап кылган. Кылмышкер ардагердин медалдарын жана 3 миң рубль акчасын күчкө салып тартып алган. Ардагер медалдарымды бер деп артынан ээрчигенде, каракчы белгисиз жакка качып кеткен.
Жабырлануучу полиция кызматкерлерине кайрылган жана кылмышкер бир саатка жетпей, мас абалында кармалган. Ардагердин медалдары жана акчасынын бир бөлүгү өткөрүлүп берилген. Кылмышкерге каракчылык беренеси менен иш козголду.
Буга чейин, 6-майда да Санкт-Петербург шаарынын Калинин районунда 85 жаштагы тылда эмгектен эмгек ардагерин күчкө салып тоноп кетишкен.