Мындан ондогон жылдар мурун эле дүйнөлүк окумуштуулар мөңгүлөрдүн бат эрип жатканын айтып келет. NASA`нын бир долбоору Антарктиданын батыш жагын изилдөө үчүн көп жылдарды короткон. 16 жылдан кийин космостук агенттик жакындап келе жаткан экологиялык алааматтын далилдерин коомчулукка тартуулады.
2003-жылдан тартып 2019-жылга чейин ICESat-2 спутниги Антарктиданын батыш жагына көз салып турган. Анын эң башкы максаты мөңгүлөрдүн кандай ылдамдыкта эрип жаткандыгын изилдөө болчу. Ал атайын жабдыктар менен иш алып барган. Иш учурунда суунун деңгээли 14 миллиметрге көтөрүлгөнү байкалган.
Расмий маалыматтарга караганда, глобалдуу күндүн жылышынан улам Антарктидада жыл ичинде 120 гигатонна муз эрийт, ал эми Гренландияда 200 гигатонна. Бул океандардагы суунун көбөйүшүнүн үчтөн бир бөлүгү.
Видеодон жакындап келе жаткан экологиялык алааматтын масштабдарын жана жер жүзүнүн мөңгүлөрү кандай ылдамдыкта эрип жаткандыгын байкоого болот.