Ирандык аскерлер адашып өздөрүнүн кемесин атып алды. Кырсыктан 19 адам каза болду

Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн кызматкери окутуу учурунда адашып, өздөрүнүн аскер кемесин атып алды. Бул тууралуу ирандык "Тасним" маалымат агенттигинин саясий бөлүмүнүн директору Махди Бахтиари Твиттер баракчасына жазган.

Анын айтымында, кырсык Омон булуңунда орун алып, согуш кемесинен учурулган ракета Konarak кемесине түшүп калган. Кырсыктын кесепетинен кеме чөгүп, 19 адам каза таап, 15 экипаж мүчөсү жабыр тартканы айтылууда.

Иран тарап окуя тууралуу үн ката элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jazmina909090
2020-05-11 16:23:14
Тобааа таң калам адашып эле жүрө беришет адашып атып украиналыктардын самалетун атып түшүрдү го жерге
+7
Krai
2020-05-11 19:04:49
jazmina909090,
Бизде деле адашып атышпайбы
30- апрелден 15- Апрелге
33- апрель
Сөөктө тил жок
Айта берсе толтура мындайлар
-3
mentol
2020-05-11 20:41:49
Krai, Булар тил менен адашкан жокта, "Соокто тил жок" дегидей, биздикилер тамптырап тил менен жанылып отурушат, "тилде соок жок" деп коюп
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан