"SpaceX" жана "Tesla" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск баасы 39 миллиард доллар болгон акцияларга ээлик кылганы менен өзү банктан алган насыяларга жашайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Масктын банктарга болгон карызы 500 миллион долларга жакын. Ал насыяны "Tesla" компаниясындагы активдерин күрөө катары коюп алган. Ал эми азыркы учурда ал кыймылсыз мүлкүн сатып, банктагы карыздарын жабууну көздөп жатат.
Британиялык Вернон Ансарт менен соттук териштирүү учурунда Масктын жактоочусу анын кардарында жалаа жабуу боюнча кенемте төлөп берүүгө акчасы жок экенин билдирген. Ал анда жеке капитал жок экени, анын акчасы акция катары компанияда экенин түшүндүргөн.
Маск компанияга түшкөн кирешеден айлык албайт, ал буга чейин кенемте баштыкчасына макул болгон.