Жүгүртүүлөрү 733 миллиард сом жана патент боюнча иштөө. Кыргыз өлкөсүнүн акча алмаштыруу бюролору боюнча кандай маселелер бар?

Кыргыз өлкөсүндөгү акча алмаштыруу бюролорунун ишмердигинин ачык-айкындуулугу боюнча маселени аларды Улуттук банк тарабынан лицензияланган субъектилердин тизмесинен алып салып, алардын башка юридикалык формалар түрүндө кайра түзүлүүсүн шарттап, ички көзөмөл жаатында келип чыгуучу бардык милдеттенмелер менен кошо жөнгө салуучуга толук отчёт берүүгө милдеттендирүү жолу менен гана чечсе болот.

Жогорку Кеңештин депутаттары акча алмаштыруу бюролорун толугу менен жаап салбастан, аларды башка түргө өткөрүү жана өз ишмердүүлүгүн патент менен жүргүзгөн алмаштыруу бюролорун каржы рыногунан алып салууну сунушташууда. Бул туурасында парламентарий Гүлшат Асылбаева билдирди.

Акча алмаштыруу жайларынын тегерегинде түзүлгөн кырдаалдан ушундай жол менен чыгуу бюро ээлеринин өз жумушчуларынын алдында (ишке расмий орноштуруу) жоопкерчилигин жогорулатат жана мамлекеттин казынасына салыктын түшүүсүнө оң таасир берет, анткени учурда алмаштыруу бюролору патент боюнча иштешет жана салыкты башка каржы уюмдарына караганда абдан аз төлөшөт деп кошумчалады депутат.

Чет элдик накталай валюталар менен алмаштыруу операцияларын жүргүзүү укугун ошондой операцияларды жүргүзүүгө тийиштүү лицензияга ээ болгон банктарга, насыялык биримдиктерге, микрофинансылык жана микронасыялык компанияларга калтыруу сунушталууда.

Бул 2015-жылдан бери рынокто реформаны сунуштап келген жана учурда талкууланып жаткан өзгөрүүлөрдү колдой турганын билдирген Улуттук банктын каалоосуна жооп берет.

Мыйзамдагы мындай өзгөрүүлөр валюталык алмаштыруу рыногундагы маанилүү эки маселени чечүүгө багытталган – бул алмаштыруу бюролору тарабынан отчёттордун Улуттук банкка туура эмес берилиши жана алмаштыруу бюролорунун жүгүртүүлөрүнө салынуучу салыктын шайкештиги.

Отчёт боюнча көйгөйлөр

Валюта алмаштыруу рыногундагы ачык-айкындыктын жоктугу мамлекет үчүн жана өлкөнүн ФАТФ (мыйзамсыз акча табууга каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу, кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатында дүйнөлүк стандарттарды иштеп чыгуу менен алектенген уюм) сыяктуу эл аралык/өкмөттөр аралык уюмдарынын алдында алган милдеттери боюнча глобалдык көйгөйлөргө алып келет.

Аталган уюм тарабынан Кыргыз мамлекетинин рейтингинин төмөндөтүлүшү экономика субъектилери үчүн финансылык операциялар боюнча чек коюучу чаралардын келип чыгуу коркунучуна алып келет, мунун өзү Кыргыз Республикасына өтө чоң залал келтирүүсү мүмкүн.

Расмий маалыматтар боюнча, 2019-жылы алмаштыруу бюролорунун накталай операцияларынын көлөмү 733 миллиард сомдон ашкан. Бул өлкөнүн коммерциялык банктары тарабынан валюта алмаштыруу боюнча жүргүзүлгөн 437 миллиард 500 миллион сомдук накталай жана накталай эмес бардык операциялардан 1,7 эсе көптүк кылат.

Эгер буга экономиканын көмүскө секторунун операцияларын кошо турган болсок алмаштыруу бюролорунун жүгүртүү көлөмдөрү мындан да жогору болот. Асылбаева белгилегендей, алмаштыруу бюролорунун Улуттук банкка берген отчётторунун толуктугу туурасында сөз да жок: «Биз бардык көмүскө экономика дал ушул алмаштыруу бюролорунун кызматын колдоноорун түшүнөбүз жана алардын чыныгы жүгүртүүлөрү жогоруда көрсөтүлгөндөн да кыйла көп экенин ишеним менен айта алабыз», - дейт.

Шайкеш салык салуу

Алмаштыруу бюролорунун ишмердигинин ачык-айкындыгы боюнча көптөгөн маселелерге салык салуу боюнча мамлекет тарабынан пайдаланылбай калган мүмкүнчүлүктөр да кошулат деп белгилейт Асылбаева. Бүгүнкү күнү алмаштыруу пункттарынын жүгүртүүсү алардын төлөгөн салыгына караганда абдан жогору экендигин салыштырып болбойт.

Кыргыз өлкөсүндө алмаштыруу бюролору патент боюнча иштеп айына болгону 6 миңден 15 миң сомго чейин төлөшөт. Алмаштыруу бюролору үчүн патенттин эң жогорку чени Бишкектин борборунда 15 миң сом. Ал эми «Дордойдо» патент үчүн болгону 6 миң сом төлөш керек.

Алмаштыруу бюролорунун башка юридикалык формалар түрүндө кайра түзүлүүсү эң аз дегенде үч факторго таасирин тийгизет – бул ачык-айкындыкты жогорулатуу, операциялардын реалдуу көлөмүнөн байланыштуу болгон адилет салык салуунун жогорулоосу, алмаштыруу пункттарынын кызматкерлеринин корголуусунун жогорулоосу.

Улуттук банктын эсеби боюнча учурда бул тармакта 450дөн 1350гө чейин адам иштейт. Бул жерде да ачык-айкындыктын жоктугуна байланыштуу санак абдан чачыранды деп белгилейт депутат Асылбаева. Анын сөзүнө караганда, депутаттардын демилгеси - бул адамдардын баарынын ишке расмий орношуусуна жана мыйзам боюнча каралган социалдык кепилдиктерди алуусун шарттайт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан