Япониялык tamanegi.qoo.riku аттуу социалдык тармактын колдонуучусу көп жылдан бери небересинин сүйүктүү достору болгон пудель породасындагы иттер менен баскан-турганын сүрөткө тартып, жүктөп турат. Учурда кызды жана иттерди көргөнгө кызыгып, чоң эненин баракчасына катталгандардын саны 559 миңден ашты.
Сүрөттөрдөн кичинекей кыздын достору менен сабак окуп, майрамдарды белгилеп, сейилдеп, ойногон, айтор, ар кандай кызыктуу көз ирмемдерин көрүүгө болот. Жакында аларга жаңы адам, кыздын кичинекей бөбөгү кошулуп, достордун кампаниясы ого бетер көрктүү, шаңдуу боло түшкөн.