"Нур-Султан сакурасы" Япониянын бренди болгон сакуранын жаңы түрүнө Казакстандын борборунун атын ыйгарышты

Япониядагы Хоккайдо аралында айтылуу сакуранын жаңы түрүн чыгарышып, ага Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын беришти. Мындай маалыматты казак басылмалары жазышат.

Маалыматта жаңы сакуранын өзгөчөлүгү -40 градус суукка дагы чыдамдуу экендиги айтылат.

"Япониянын символу болгон сакура багынын Нур-Султан сортун Хоккайдо префектурасынын токой чарбачылыгын изилдөө институтунун кызматкерлери чыгарышкан. Анын дагы бир айырмачылыгы гүлү 10 желекчеден турат, салыштырмалуу сакуранын башка түрлөрүнүкү 5 желекчеден эле болот. Жаратуучулардын максаты сакура багынын генетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү экендиги белгиленген. Ал эми институттун кызматкери Йоичи Вакита сакуранын Нур-Султан сорту илимий эксперимент менен бирге казак элине болгон белек экенин айткан", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, сакура Япониянын улуттук бренди. Сакуранын гүлдөгөн маалын көрүү үчүн жыл сайын миллиондогон туристтер келишет. Февраль айынан май айына чейин гүлдөп турган сакура багына суктануу салты ханами деп аталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AdylbekB84
2020-05-12 15:43:22
Сакура эмес эле өрүктүн гүлүго!
+2
Tyty1990
2020-05-12 18:59:55
Бизде арак менен конякка койушат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан