Франциянын мурдагы президенти Жискар д`Эстен немис телеканалынын журналисти Анн-Катрин Штракеге сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул окуя 2018-жылдын декабрь айында болгон. Анда интервью бүтүп, тартуучу топ менен бирге сүрөткө түшүп жаткан учурда мурдагы президент журналистти кучактап, колу менен жамбашын кармаган. Ал бул кыймылын бир нече жолу кайталаган.
Француз басылмалары 94 жаштагы мурдагы президенттин үстүнөн жазылган арызды атайын топ текшерип жаткандыгын жазып чыкса, жактоочусу бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.
"Териштирүү иштерин баштоо үчүн менин арызымды тийиштүү органдар кабыл алганына кубанып жатам", - деп билдирген журналист.