Бразилияда ооруканага келген бейтаптын үч бөйрөгү бар экени аныкталды

Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы Рим ооруканасына дарыланууга келген бейтаптын үч бөйрөгү бар экени аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 38 жаштагы бейтап бел оорусу менен ооруканага келген. Дарыгерлер бейтаптын грыжасы бар дисктин компьютердик томографиясын текшерип, андан эки эмес, үч бөйрөгү бар экендигин аныктаган. Дарыгерлер бейтаптын сол жагында бир жана оң жагында эки бөйрөк бар экенин жана алар жакшы иштеп жаткандыгын айтышкан.

Бейтапты дарылаган дарыгерлер буга чейин мындай окуяга туш болбогондугун жана бул эч кандай коркунуч алып келбешин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sakubek
2020-05-12 13:57:42
Бироосун сат жирный акчага
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан