ИИМ: "Мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча иш козголду"

Мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кайрылып, социалдык түйүндөрдө Сыймык Жапыкеев деген жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кайрылган. Анда Жапыкеев Жумалиевге карата жалган маалыматтарды таратып, анын үй-бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун, байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн.

"Аталган арыз 7-май күнү ИИМдин Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине "жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактардагы маалыматтары, видео кайрылуулары толугу менен иликтенип чыкты. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, Жапыкеев Жумалиевди ири коррупционер экендигин, ал көптөгөн жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, миллиондогон долларды чапчыган мамлекеттик байлыктарды менчиктеп же уурдап алгандыгын айткан. Ошол эле убакта элге чакырык таштап, Жумалиевдин үйүнө барууну жана мыйзамсыз тапкан байлыктарын кайтарып алып, өлкөнүн Кытай мамлекетинин алдындагы карызды төлөп коёлу деген чакырык таштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө Жапыкеевдин акыркы убактагы бардык сүйлөгөн сөздөрүнө лингвистикалык экспертизалар дайындалды. Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Samatalibei
2020-05-12 17:19:59
Бир тараптуу болуп эле Сыймык Жапыкеевдин кемчилигин изилдебей, мумкун ошол Жумалиев башка аты аталган чиновниктердин мулкун биринчи текшерип корбойсунорбу! Эгер баары мыйзамдуу болсо ошондо Сыймык Жапыкеевдин айткандары жалган деп иш козгосонор болмок! Сатылып буттук ,акчага бай манаптардын жашоосу болуп жатат!
+28
talas0707
2020-05-12 17:24:43
Ана бийликтин жузу
+22
futboler
2020-05-12 17:31:42
Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат, сөз жок силерге. Жакынкы жылдары эмес, жакынкы кылымда өнүкпөйбүз го(((...
+22
Dani
2020-05-12 17:32:32
Акыры айландырып отуруп акчасы таанышы бар женип чыгатда,каяктагы создорду таап алышат лингвистикалык баа деп
+22
Asman779
2020-05-12 17:40:35
Чындыкты айткан адамды кармабай ошол жегич, коррупционерлерге иш козгобойбу. Менин оюмча Эл Жумалиевдин ж.б дын таза экенине ишенбейт.
+18
bond02
2020-05-12 17:42:21
Уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат дейт беле.
+18
Adi010891
2020-05-12 18:55:51
Эээуу Кашкар ХХХХХ, анча эле тын экенсинер, Баткенге барбайсынбы? Контрабанданы жойбойсунбу ХХХХХ
+18
admin_portal
2020-05-12 23:27:26
Adi010891, этика нормаларын сактаңыз. БАН!
-11
Farra16gsin
2020-05-12 19:27:38
Мен эки тарапка тең тартпайм бирок адилеттүү болуш керек экөө тең далилдеп бериш керек
-15
bekbol2006
2020-05-12 19:42:35
Биз алдыгы эмес артка кетип атабыз..
Окунучтуу
+13
ALATOOLUK.JIGIT
2020-05-12 19:44:07
3.5 млрд доллар акча тапса лаборант. Эл Сыймыкты колдосок утабыз. Болбосо муну алып кирип эзип,оозун экинчи ачкыс кылат. Анан эр болсо дагы бири мындай маселени которуп корсун. Хотя соц тармактан жалпы колдойлу.
+21
Firdaus-Muslim
2020-05-12 21:23:07
Чындык чыркырап ыйлап турганда, адилетсиздик күлүп турат.
Сыймык Жапыкеевге козголгон кылмыш иши өтө өтө адилетсиздик.
Бул эмнени билдирет, бийлик эшектин тушоосун чече албасын билдирет.
+10
adilbars
2020-05-12 22:18:53
Мыйзамдуу жол менен күрөшүш керек. Үйүн барып басып алгыдай эмне бул? Экспрокурор болсоң жакшы, арыз жазыш керек болчу барып, мыйзамсыз байыган текшергиле деп. Карабаса анан айт, карабадыңар деп. Үйдө отуруп жомок айтпай.
-12
adilbars
2020-05-12 22:35:59
Ар кимиңдин "чакуруктарыңарды" ээрчий берип, камак бейкүнөө балдарга толуп жатат өзү дагы. Атамбаевди ээрчигенде эле адашканбыз өзү...
-1
Tolik777
2020-05-13 09:48:42
К. Жумалиевдин ууру экени калппы? Омур бою мамлекеттик иште жургон адамдар азыр долларовый миллионер болуп журушот. Келдибеков, Жапаров сыяктуу. Ушуларды жон эле кустуруп койсо болот.
+8
Bolunbo.kyrgyz
2020-05-13 13:44:09
Уурарды камагылачы сураныч урматту иим
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан