"Кыргызстан" фракциясынан эки депутат мандаттарын тапшыруу үчүн БШКга арыз жазышты

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов жана Жаныбек Исаев мандаттарын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Алмазбек Эргешов тастыктады.

Маалыматка ылайык, Эргешов БШКга арызды бүгүн, 13-майда, Исаев 12-майда жазган. "Шайлоого карата партиялык иштер менен иштейин деп чечтик", - дейт Эргешов.

Партиянын тизмеси боюнча, жогорудагы депутаттардын ордуна Жаныбек Жоробаев жана Шаршенбек Абдыкеримов келиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан