Интервью: Үйдө отуруп, банк кызматтарын кантип колдонуу керек

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынан улам үйдө болуу шартында аралыктан колдонулуучу банк кызматтары өтө актуалдуу болуп калды. Мындай жагдайда банктар кардарларды колдоо үчүн болгон аракетин жасап жатышат.

Банк өз кардарларын аралыктан тейлөөгө даярбы? Кандай кызматтар көрсөтүлүп жатат? Жакында кандай кызматтар ишке киргизилет? Бул жана башкалар жөнүндө FINCA Банк Башкармасынын төрагасынын орун басары, Операциялык директору Ассета Красножонова айтып берет.

- Ассета, кутмандуу күнүңүз менен! Эпидемия шартында FINCA Банкта аралыктан көрсөтүлүүчү банк кызматтары жөнүндө айтып берсеңиз.

- Коронавирус эпидемиясынан улам калктын банк кызматтарын аралыктан колдонушу биздин байкообуз боюнча кыйла көбөйдү. Учурдагы кырдаал адамдарга аралыктан көрсөтүлүүчү банк кызматтарына жаңы көз караш менен кароого мүмкүнчүлүк берди. Банк кызматтарын аралыктан эмес, банкка барып колдонууну каалагандардын көбү ал кызматтарды үйдөн чыкпастан эле колдонууга да болорун түшүнө башташты. Бул ыңгайлуу, күнү-түнү жеткиликтүү жана эң башкысы – коопсуз.

- FINCA Банк өз кардарларына аралыктан көрсөтүлүүчү кандай кызматтарды сунуштайт?

- Биз Банкта эсеби бар кардарларыбызга Интернет-Банкингди ачууну сунуш кылабыз. Анын мүмкүнчүлүктөрү абдан көп: Интернет-Банкинг аркылуу кардар өзүнүн банктагы эсебин аралыктан башкара алат, тактап айтканда, эсеби боюнча бардык операцияларды жүргүзө алат, депозиттерин толуктап, насыяларды төлөй алат, Кыргызстандын аймагында да, башка өлкөлөргө да акча жөнөтө алат, коммуналдык кызматтар үчүн төлөй алат жана башка көптөгөн операцияларды жүргүзө алат.

Мындан тышкары биз кардарларыбызга FINCA Элкарт картасын алууну сунуштайбыз. Азыр дүйнө жүзүндөгү эксперттер накталай акчаны колдонууну азайтууну сунуштап жатканда, карта абдан актуалдуу жана коопсуз болуп саналат. Картанын жардамы менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү төлөөгө болот. Ал эми Элкарт Мобайл мобилдик тиркемесин жүктөп алганда, Элкарт картасынын мүмкүнчүлүктөрү андан да көбөйөт. Бул тиркемени смартфонго жүктөп алуу менен кардарлар өзүнүн күнү-түнү иштөөчү мини-банкына ээ болушат жана анын жардамы менен көз ирмемде төлөмдөрдү төлөп, Элкарт системасы аркылуу бир картадан башка картага акча которо алышат.

Банкта эсеби жок адамдар да биздин FINCA Элсом мобилдик капчыгыбыздын жардамы менен онлайн режиминде күнүмдүк финансылык операцияларды жүргүзө алышат. Бул үчүн болгону смартфонго FINCA Элсом тиркемесин жүктөп алуу керек жана ошол замат бардык кеңири тараган кызматтар үчүн акы төлөй берсеңиз болот. Ал эми эгерде капчыгыңызды банкта каттатсаңыз, анда Кыргызстандын аймагында акча которуу же которулган акчаны алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болосуз. Биз барып жүргөн дүкөндөрүбүзгө барууга азыр чектөөлөр киргизилгендиктен, FINCA Элсом көпчүлүк ишкерлерге жана интернет-дүкөндөрдүн ээлерине товарлары жана көрсөткөн кызматтары үчүн төлөмдөрдү өзүнүн FINCA Элсом капчыгына кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берди. Мисалы, сиздин бизнесиңиз жана социалдык тармактарда баракчаңыз же дүкөнүңүздүн вебсайты бар дейли. FINCA Элсомду коштуруу менен кардарларыңыз каалаган убакта сиздин товарларыңыз же көрсөткөн кызматтарыңыз үчүн акыны сиздин капчыгыңызга которуп, төлөй алышат. Эң башкысы, FINCA Элсом мобилдик капчыгын колдонуу үчүн банкта эсеп ачуунун кажети жок. Сиздин бардык каражаттарыңыз капчыгыңызда сакталат жана сиз аларды каалаган убакта ала аласыз.

Дагы белгилей кетчү нерсе, Кыргызстандын аймагында биздин Банктын төлөм терминалдар тармагы кеңири тараган жана алар аркылуу кардарлар кеңсеге келбей туруп эле FINCA Элсом электрондук капчыгын, Элкарт картасын же FINCA Банктагы эсебин толуктай алышат.

- Кардар банктын дагы кандай кызматтарын аралыктан колдоно алат?

- Эпидемия башталганга чейин деле биздин кардарлар Банктын негизги кызматтарын колдонууга онлайн арызды интернет аркылуу биздин сайтта калтырып келишкен. Башкача айтканда, биз буга чейин эле кардарларыбызды аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүп келгенбиз.

Онлайн арыз – бул кардарларга Банктын кеңсесине барбастан, банктын каалаган кызматтарын колдонууга арызды аралыктан берүү мүмкүндүгү.

Чектөө чараларынын киргизилиши менен биз онлайн арыздардын түрүн көбөйттүк. Мисалга алсак, насыяны реструктуризациялоого жана депозитти узартууга онлайн арыздар кошулду. Мындан тышкары биз кардарларды толугу менен онлайн режиминде тейлөөгө өтүү үчүн кардарларды аралыктан идентификациялоо системасын иштеп чыгуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын баарын ишке киргизүү менен биз кардарларыбыз финансылык кызматтарды максималдуу түрдө ыңгайлуу колдонушун жана эң башкысы, кардарлар үчүн коопсуз болушун каалайбыз. Жакында Банктын бардык кызматтарын үйдөн чыкпастан колдонууга болот.

- Сиз кандай деп ойлойсуз, келечекте дистанциялык банкингдин өнүгүүсү кандай болот?

- Дүйнөлүк рынокто жеке жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү тенденциясын, ошондой эле онлайн тейлөөгө өтүүнү эске алганда, дистанциялык банкинг убакытты баалаган жана акча каражаттарынын коопсуздугуна жана сакталышына кам көргөн ар бир адам үчүн, демек, баарыбыз үчүн абдан чоң мааниге ээ. Көптөгөн банктар жаңы аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтарды активдүү өнүктүрүп жатышат. Азыркы жагдай банктын бул багытта тез өнүгүшүнө түрткү болду. Мындай тенденция биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө байкалып жатат. Ошондуктан, менин оюмча, карантин бүткөндө да адамдар аралыктан көрсөтүлүүчү банк кызматтарын мындан да активдүү колдоно башташат жана муну менен бир топ мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

Биз болсо, өз кезегинде Банк катары мындай кызматтарды көрсөтүүдөн сырткары, аларды кантип колдонууну да үйрөтүүгө даярбыз. Бүгүнкү күндө биздин сайтта бардык кызматтар боюнча окутуучу видео-роликтер жайгаштырылган, аларды көргөндөн кийин кызматтарды тез жана оңой колдонууну билип каласыз. Мындан тышкары биз финансылык сабаттуулук боюнча тренингдердин программасын кеңейтип, ага Банктын санарип кызматтарын окутууну коштук. Биз жакында эпидемия бүтөрүнө жана аны менен карантин да бүтөрүнө ишенебиз жана сиздерди биздин кеңседе тренингдерде көрүүгө кубанычта болобуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан