Мэрия Бишкек шаарында жыландар көп чыгып жатканын билдирди

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан борбордун көчөлөрүндө жыландар көп кезигип жатканын билдиришти.

Маалыматка ылайык, эгерде көчөдөн жылан көрүп калсаңыз, Өзгөчө кырдаалдар кызматына 161 номери аркылуу байланышуу керек. Анда сиз чакырган жерге тажрыйбалуу куткаруучулар келет.

Эгерде чалганга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, жыланды айланып өтүңүз, бирок эч качан аны колуңуз менен кармабаңыз. Жылан эч качан биринчи кол салбайт, ошондуктан аны бутуңуз менен тебелегенге же кайсы бир буюм менен чапканга аракет кылбаңыз.

Буга чейин Бишкектин жашоочусу 7-кичи райондо №20 орто мектептин жанында жылан сойлоп жүргөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
AksyKum
2020-05-13 20:18:02
Бишкектиктер байыйт экен.жылан байлык бар жерде коп болот
+14
taku88
2020-05-13 20:26:20
AksyKum,анда Индияда кандай болот?
+11
Nuret94
2020-05-13 20:30:50
AksyKum,жыландар жашоого ыңгайлуу таза жерлерде көп болот
+6
bond
2020-05-13 21:31:20
Nuret94,менимче тескерисинче чычкан бака жегени келет.
+7
natasha00
2020-05-14 03:10:33
Nuret94,ни только таза? Адам аз жерде болот. Азыр баары уйундо коптон бери чыкпай жердин бети тынчтанды, ошон учун жаныбарлар сойлочулар чыгып жатат. Бишкек таза дейсинби))? Бишкектин Мэрине айткыла тазалык боюнча Оштон улгу алсын )
+6
Agayu
2020-05-13 20:31:32
Жылан эч качан жакшылык алып келбейт , кайра азабы көп .
+6
Tyty1990
2020-05-13 21:10:27
Жыланда азирейил периштенин бир сүрү бар деп жазылган хадисте. Жыланга тийишпесен эч нерсе кылбайт.
+3
dair_17
2020-05-13 21:49:43
Кочолордо эл, транспорт аздыгынан буларда чыга баштадыда
+17
bond02
2020-05-13 22:28:29
Карантин бутконун угуп калышса керек да.
+9
TIMON_BERKOWITZ
2020-05-13 23:40:40
Малдес! Чувство юмора никто не запрещал)))
+4
nuridindosmatov
2020-05-14 00:55:04
Ак уйдо кобойсокен
+9
bond
2020-05-14 01:41:50
nuridindosmatov,они все змеи.
+8
bekhaliev
2020-05-14 04:55:29
Мэрияга болок талкуга иши жокбу
+4
faraon312
2020-05-14 12:11:43
Бул жыландар эч нерсе эмес. Ак үй, көк үйдөгү казына тоногон жыландардан качан кутулабыз?
+6
Usow
2020-05-14 13:09:02
Ушул да жанылыкпы лично мен жыланды кундо эле кором,
0
ALATOOLUK.JIGIT
2020-05-14 13:17:54
Мерия да соо эмес. Куткаруучумкнлгенче жылан бир жайдаитура бермек беле качан келет деп. Адамга чакырылган тез жардам канчамкечигет, анан куткаруучун и так понятно.
+3
katerina.li
2020-05-14 16:31:32
Жылаан чыкса байлыкка деп коет ко. Чондор байыйт окшойт да
+1
karakyz23
2020-05-14 18:01:19
katerina.li,алара эчак ээээлееее байып бүткөөөөөн
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан