Түркияда 64 жаштагы Зекай Фырат жаратылышка жакын болуш үчүн 15 жылдан бери Мерсин провинциясынын Кызкалечи туристтик районундагы үңкүрдө жашайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Таза аба жана спорт болбосо мен көпкө тура албайм. Мен көп адамдар жашаган жерде дагы жашай албайм жана мен жалгыз болушум керек. Жаратылыш, тоолор жана таза аба мага керектүү нерсе", - деген Фырат.
Ошондой эле ал туугандары жок экендигин жана карылар үйүн эмес үңкүрдү тандаганын билдирген. Ага коңшу айылдын тургундары тамак-аш жана кийим-кече менен жардам беришет.