Жардам алыс эмес: Бишкектеги үй-бүлөлөр Beeline операторунан гуманитардык жардам алышты

2020-жылдын апрель айында Beeline өлкөдөгү өзгөчө кырдаал учурунда катуу муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине бир миллион сом которду.

Бул каражаттар менен азык-түлүк жана биринчи муктаждык товарлары сатып алынып, муктаж болгондорго багытталып жатат. 12-майда Beeline'дын кызматкерлери, министрликтин өкүлдөрү менен биргеликте, азык-түлүк топтомунун бир бөлүгүн Бишкек шаарындагы турак жай тургундарынын жеке колдоруна тапшырып беришти.

“Өлкөбүздүн башынан өтүп жаткан кырдаалдан алыс болуу мүмкүн эмес” дейт “Скай Мобайл” ЖЧКнын генералдык мүдүрү Евгений Кражан.

– “Биз жарандарыбызга колдоо көрсөтүүнү милдетибиз деп эсептейбиз, анткени алардын айлык маянасыз калуусу канчалык кыйын экендигин билебиз. Биз республикалык жардам штабы үчүн атайын тынымсыз байланыш телефонун ачкан элек жана биздин байланыш борборубуздун кызматкерлери гуманитардык жардамга муктаж жарандардан арыздарды чогултуп, иштеп чыгып, штабга жөнөтүп жатышты. Арыздар абдан көп болгондуктан, кээде биздин адистерибиз аларды эртеден кечке, үзгүлтүксүз кабыл алып жатышты. Ошондуктан, Beeline, Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте бул иш-чараны ишке ашырды жана кризис убагында мындай ишти улантат”.

Ошондой эле, Beeline’дын мамлекетке жана жарандарга жардам көрсөтүү боюнча демилгелеринин ичинде – дарыгерлерге, штаб кызматкерлерине, ыктыярчыларга даректүү жардам көрсөтүү, студенттер жана мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген тарифтерди сунуштоо. Компаниянын абоненттерине атайын сайттарга кирүү жана билим берүү ресурстарын тарификациясыз колдонуу, нөлдүк баланста коронавирус маселелери боюнча тынымсыз байланыш телефондоруна акысыз түрдө чалуу мүмкүнчүлүктөрү менен бирге, акысыз пакеттер жана роумингдеги абоненттерге чалуулар берилген. SIM-карталарды жана байланыш үчүн керектүү гаджеттерди жеткирүү кызматы уюштурулган.

Beeline кыргыз элине жардам көрсөткөн мекемелерге жана ошондой эле четте калбастан, ден-соолугуна коркунуч туудурган вирус менен алдыңкы катарларда күрөшүп жаткан жарандарга чексиз ыраазычылыгын билдирет!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан