Жалал-Абад. Сузактагы бир мектепти оңдоого акча табуу үчүн марафон уюштурулат

Жалал-Абад облусунун башчысы Жусупали Торомаматов 4-сентябрда Сузак районуна иш сапары менен барды. Обладминистрациянын басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков билдирди. Облус башчы эскилиги жеткен бир катар мектептердин абалы менен таанышып чыкты. Соку-Таш айылындагы Абдраимов атындагы мектепке жардам берерин билдирип, Курманбек айылындагы Исмаилов атындагы мектепке 100 миң сом берди. "Ошол айылдагы Камбаров атындагы мектепти оңдоо үчүн 10-сентябрда марафон уюшулат",- деди Стамбеков.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан