3 ай мурун киши колдуу каза болгон таксисттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Чүйдүн Сокулук районундагы таксисттин өлүмүнө шектүүлөр кармалышты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин, Чүй ОИИББинин жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 24 жаштагы такси айдоочуну өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты.

"12-март күнү ички иштер органдарына болжол 20-25 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу Белек айылына жакын жерден жансыз денени табышып, кароо жүргүзүү учурунда киши колдуу каза болгондугу маалым болгон. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү учурунда каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталып, ал 24 жаштагы А.Ж. аттуу жаран экендиги жана Бишкек шаарында такси айдап иштеп жүргөнү маалым болгон.

Буга чейин Бишкек шаарынан Ленин райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан табылган автоунаа каза болгон жаранга тиешелүү экендиги аныкталган. Киши өлтүрүүгө шектелип, 21 жаштагы Ж.Р., 24 жаштагы А.Б. жана 31 жаштагы П.Ж. аттуу жарандар кармалышкан. Белгилеп кетүүчү жагдай, шектүүлөрдүн экөө Талас облусунда качып жүргөн жеринен кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя, каза болгон жаран менен шектүүлөрдүн биринин ортосунда чыккан пикир келишпестиктен улам болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан