Израилде кытай элчиси каза болду. Анын өлүмүнүн себеби аныктала элек

Кытайдын Израилдеги элчисинин жансыз денеси өз резиденциясынан табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Тель-Авив шаарында элчи Ду Вэй уктап жаткан бойдон ойгонгон эмес. Анын өлүмүнүн себеби азырынча расмий аныктала элек.

58 жаштагы элчи 2020-жылдын февраль айында дайындалган. Ал буга чейин Украинада элчи болуп эмгектенген.

Айта кетсек, 15-майда Кытайдын Израилдеги элчилигин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Израилге болгон сапарында Пекиндин коронавируска каршы күрөшүүсү тууралуу айткан өтө кескин сындарына катуу жооп берген.

Кытай элчилиги бул сындарды негизсиз деп атап, алар эпидемиянын чыныгы масштабдарын эч качан жашырбаганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан