Жылдын алгачкы үч айында “Кумтөр” 4,7 тонна алтын өндүргөн

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (“Кумтөр”) 2020-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктарын чыгарышты.

Жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдɵ” 4 737,28 килограмм алтын өндүрүлүп, компаниянын салыктары жана милдеттүү төлөмдөрү 2,82 миллиард сомдон ашкан. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компанинин” ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2020-жылдын биринчи чейрегинде "Кумтөрдүн" кен кампасындагы алтын өндүрүүнүн көлөмү 152 307 унция (2019-жылдын ошол эле чейрегинде ал 150 308 унцияны) түзгөн. Биринчи чейректе белгиленген өсүш, ириде рудадан алтынды ылгап алуунун жогорку көлөмү, ошондой эле курамында алтын бар көмүртек бөлүктөрүн кайра иштетүүнүн натыйжасында алтын өндүрүүнүн жогорулашына байланышкан, бул бир жагынан кендеги алтын курамынын төмөндөшү менен теңделген. 2020-жылдын биринчи чейрегинде өнөр жайлык кайра иштетүүгө 83,7% ылгоо көлөмүндөгү 3,5 г/т орточо курамы менен руда берилген, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,7 г/т жана 82,0% түзгөн.

2020-жылдын биринчи чейрегинде 160 090 унция же 4 979,36 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2020-жылдын биринчи чейрегинде 248,9 миллион долларды түздү.

COVID-19

2020-жылдын биринчи чейрегинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн колдоосу менен "Кумтөрдө" COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн. Ошентип вахта иштеринин мөөнөтү узартылып, алтын ылгоочу фабрикаларда негизги өндүрүштөрүндө иштеген жана тоо-кен иштеринин өндүрүшүнө тартылган кызматкерлердин ортосундагы контакттарды азайтуу, эмгек гигиенасынын эрежелерин катуу сактоо, келишим менен иштеген кызматкерлер үчүн дагы эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоо максатында, ошондой эле жергиликтүү калктын жана башка кызыкдар адамдардын кызыкчылыгында социалдык аралыкты сактоо боюнча чаралар кабыл алынды. Андан тышкары бул чаралар кен үзгүлтүксүз иштей тургандай бардык байланыштын тынымсыз иштешин камсыздоо максатын көздөйт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан өлкө ичиндеги адамдардын жана жүктөрдүн кыймылынын эркиндигине киргизилген чектөөлөрдүн катаалдыгына карабастан өкмөт тарабынан "Кумтөр" кениндеги өндүрүштүн үзгүлтүксүздүгүн камыздоо ишине колдоо көрсөтүлдү.

Комментарий

Центерранын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри: “Биз COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүнүн алкагында анын жайылышын алдын алуу, кызматкерлерибиздин, келишим менен иштеген адамдардын, ошондой эле жергиликтүү калктын ден соолугун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык чараларды көрүүдөбүз. Андан тышкары 2020-жылдын 19-апрелинде “Өксүт" кенинде бир жылдык ишибизди үзгүлтүккө учуратуучу кырсыктарсыз жыйынтыктаган маанилүү окуяны белгиледик. Мындай жетишкендиктердин артында өзүбүздүн «Work Safe-Home Safe» программабызды кынтыксыз аткаруубуз турат”, - деп белгиледи.

«Кумтөр» менен «Маунт Миллигандын» 2019-жылдын төртүнчү чейрегиндеги натыйжалуу ишмердиги 2020-жылдын биринчи чейрегинде дагы ийгиликтүү уланды. Бул эки ишкана тең 185 988 унция көлөмүндөгү жалпы алтын өндүрүүгө жетишишти, муну менен алардын сатылган продукцияны унцияга кайра эсептегенде кошумча өндүрүмдүн негизиндеги алардын өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолору4 2020-жылдын биринчи чейрегинде 712 долларды түздү.

Бул чейрек "Кумтөр" үчүн дагы ийгиликтүү болду: 152 307 унция алтын өндүрүлүп, муну менен кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 644 долларды түздү.

"Кумтөр" чейрек бою штаттык режимде иштөөнү улантты. Фабрикада күн сайын 18 миң тоннага жакын кампадагы руда иштетилди.

COVID-19 вирусу менен күрөшүүнүн алкагында ишканада төрт жумага чейин эки жумалык режим менен иштөөнүн вахталык ишинин графигин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Жаңы нөөмөт өз убагында ордуна жеткирилет жана карантиндик шарттарда жашайт. Андан тышкары кендин аймагына келген учурда, жетекчилик тарабынан ар кайсы нөөмөт кызматкерлеринин ортосундагы контакттарга жол берилбейт”, - деп белгиледи Скотт Перри.

Чейректин жыйынтыгы толугу менен: https://www.kumtor.kg/kg/q1-2020/


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан