Нигериянын Эбоньи штатында сектанттар студентти уурдап барып, тирүүлөй көмүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
20 жаштагы Сандей Ожи сектанттар аны бир апта мурун алардын тобундагы адамды өлтүргөн атаандаштардын мүчөсү катары кабыл алып, уурдап кетишкенин айткан. "Алар мени мотоциклдеринин бирине күчкө салып отургузуп, Эколиге алып кетишти. Ал жактан аң казып, мени ал жакка түртүп түшүрүп, үстүмө кум чачып, көмүп башташты", - деген студент.
"Мен аңда алымдын келишинче кыйкырып жаттым. Бир маалда сектанттар жакын аралыкта келаткан адамдардын үнүн угуп качып кетишти", - деп кошумчалаган Ожи. Ожини казып чыгышкандан кийин ал ооруканага жатып калган. Полиция кызматы сектанын 36 мүчөсүн кармап, текшерүүдөн соң көпчүлүгүн бошотуп жиберген. Камакта 9 кылмышка шектүү калган.