30 жылдан кийин Францияда 6 эм төрөлдү

Францияда акыркы 30 жыл аралыгында биринчи жолу 6 эм төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Франциянын Страсбург шаарында 6 эм (5 кыз, 1 уул) төрөлгөн. 25 апталыгында операция жолу менен төрөлгөн ымыркайлардын салмагы 630 граммдан 730 граммга чейин болгон. 6 эмди аман-эсен жарыкка алып келүү үчүн 30 адистен турган команда иштеген. Ымыркайлар дароо неонаталдык жандандыруу бөлүмүнө жаткырылышкан. Алар ооруканада бир нече ай болору айтылат.

6 эмдин төрөлүүсү - сейрек кездешкен көрүнүш. Буга чейин Францияда 30 жыл мурун мындай учур катталганы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibakana
2020-05-18 16:18:44
Иии кандай бактылуу ата энеси..
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан