Гонконгдун парламентинде депутаттар мушташа кетти

Бүгүн, 18-майда Гонконгдун парламентинде депутаттар мушташа кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кайым айтышуудан мушташка чейин жеткен чыр демократиялык реформаларды жактаган депутаттар менен Кытайдын борбордук бийлигине ыктаган өкмөттү колдогон депутаттардын ортосунда болгон.

Чыр талаштуу мыйзамдарды караган комитет жетекчиси шайлоодо бир пикирге келе албагандыктан чыккан. Окуядан кийин оппозициячыл депутаттар күч менен сыртка чыгарылып, комитет жетекчилигине Пекиндин таламын талашкан депутат шайланган.

Гонконгдо 2019-жылдын жай айларынан тартып пандемия башталганга чейин элдердин нааразычылык акциялары токтобой келген. Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн миңдеген адамдардын тынымсыз көчөгө чыгышына кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Ал мыйзам артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразычылык акциялары токтогон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан