Бишкекте 1 күндө 2 унаа уурдалган

3-сентябрда Бишкек шаарында 2 унаа уурдоо фактысы катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Талант аттуу борбордун тургуну саат 19:00 чамасында ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкендиги тууралуу арызы менен кайрылган. Бул кылмышка шектелип, изи сууй электе Алексей аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 

 

Ошондой эле 57 жаштагы А.Г. аттуу жаран болжол менен саат 07:30да Кулиев – Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкендиги тууралуу арызы менен кайрылган. Бул кылмышка шектелип, Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан