Төлөм карталары, накталай эмес төлөмдөр, банк кызмат көрсөтүүлөрүн мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу алыстан алуу кыргызстандыктардын күнүмдүк турмушуна улам активдүү кирүүдө. Бүгүн банктын кардарларына кандайдыр бир банктык операция жүргүзүү үчүн каржы мекемелеринин кеӊселерине келүү милдеттүү эмес – кардардын төлөм картасына жана эсептешүү эсебине байланган телефон же компьютер көптөгөн кызматтарды, болгондо да күнү-түнү шарттамында эӊ мыкты аткарышат.
Бүгүнкү күндө "Керемет Банктын" арсеналында өз кардарларын абсолюттуу коопсуз, ылдам жана ыӊгайлуу аралыктан тейлөө үчүн көптөгөн заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөр бар.
"Керемет Банк" активдүү иштеген төлөм тутумдарынын үй-бүлөсүндө, "Элкарт" улуттук, "Мир" жана "Золотая корона" россиялык жана – VISA, Union Pay Int эл аралык карталары бар. "Керемет Банктын" көп сандаган карта кармоочулары VISA контактсыз карталарынын артыкчылыктарын эбактан бери баалашат, алар убакытты маанилүү үнөмдөшөт – "Керемет Банктын" аркасы менен банкоматтан көз ирмемде товарга акы төлөөгө же каражаттарды накталай акчага айлантууга болот, болгону PIN-кодду киргизбестен, окуучу түзүлүшкө тийип коюу жетиштүү. Айтмакчы, жакынкы мезгилде банк өз кардарларын төлөм карталарынын алардын каалоосу боюнча аткарылган жекече жасалгасы менен да кубандырат.
"Керемет Банктын" 172 төлөм терминалдарынан, 176 POS-терминалдардан жана эки жүз элүүдөн ашуун банкоматтардан турган банк жабдууларынын өнүккөн аймактык тармагы, республикада накталай эмес төлөмдөрдүн активдүү өнүгүүсүнө түрткү болот. Кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жетүү үчүн «Керемет Банк» тарабынан Кыргыз Республикасынын эӊ алыскы жана жетүү кыйын аймактарына 100 банкоматты жеткирүү, орнотуу жана тейлөө боюнча масштабдуу жана көптөгөн жергиликтүү каржылык-насыялык мекемелер үчүн көтөрө алгыс долбоор ишке ашырылган – бүгүн "Керемет Банктын" банктык жабдууларынын аркасында кыргызстандытар тапшыруучуларга 170тен ашуун, ал эми уюлдук жана интернет-банкинг аркылуу андан да көп – 300гө чейин кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөшөт.
Көптөгөн колдонуучулар үчүн кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилген "Керемет Банктын" мобилдик жана интернет-банкинги турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп калды. "Керемет Банктын" кардарлары бир көз ирмемде үч жүзгө чейинки ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө, анан калса алардын чоӊ жана эӊ талап кылынган бөлүгүнө – комиссиясыз акы төлөөгө көнүштү, бул ыӊгайлуу гана болбостон, пайдалуу дагы. "Керемет Банктын" онлайн-банкингинин жардамы менен телефондун теӊдемин жана электрондук капчыкты толуктоого, өз алдынча акча которууга, коммуналдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө, уюлдук байланышка, телекөрсөтүүгө, интернетке акы төлөөгө, МАИнин жаза пулдарын, салыктарды төлөөгө болот жана башка көптөгөн сервистер бар. "Керемет Банктын" башка кардарына, 4 мүмкүн болгон реквизиттердин каалаганын колдонуп, жөнөтүүчүнүн байланыштары тизмесиндеги телефондун номерин жана QR-кодду кошо, акча каражаттарын которуу кызматы өзгөчө белгилүүлүктү жеӊип алды.
"Керемет Банктын"» мурда колдо бар сервистер тизмесин татыктуу толуктаган кийинки онлайн-кызмат көрсөтүүлөрүнүн бири, бул муниципалдык коомдук унаада жүрүү үчүн "Тулпар" бирдиктүү унаа карталарынын теӊдемин телефон же компьютер аркылуу комиссиясыз толуктоо.
Өзгөчө абал мезгилинде банк Marketplace-платформаны – өз сегментиндеги инновациялык иштелмени ишке киргизе алды, анын аркасы менен кыргызстандыктарга реалдуу убакыт шарттамында ар кыл багыттар: унаа жана айдоо; паспорт жана күбөлүктөр; жумуш, пенсия, салыктар; медицина жана камсыздандыруу; кыймылсыз мүлк; билим берүү; үй-бүлө жана балдар, боюнча 30га чейин расмий мамлекеттик маалымкаттар берилет.
"Керемет Банктын" мобилдик жана интернет-банкингинин кошумча ыӊгайлуулуктары:
Жакынкы мезгилде "Керемет Банктын" мобилдик жана интернет-банкингинде колдонуучулар тарабынан талап кылынган дагы бир канча аралыктан кызмат көрсөтүүлөр пайда болот. Кардарлар өздөрүнө онлайн-банкингди өз алдынча туташтырып, алыстан депозиттерди ачып жана "Золотая корона" акча которуулар тутуму боюнча каражаттарды жөнөтүү менен бирге "Контакт" тутуму боюнча ала да алышат.
Ошентип эгерде сизге тейлөөнүн коопсуздугу, комфорту, ылдамдыгы, ыӊгайлуулугу жана сапаты маанилүү болсо, "Керемет Банк" - бул заманбап санариптик банк, анын бир бөлүгү болуу өтө зарыл. Эгерде суроолор болсо, банктын күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборуна (0312) 55 44 44 телефону, WhatsApp аркылуу – (0557) 55 44 44 телефону же сайтындагы кайтарым байланышы аркылуу кайрылыӊыз.