Чүй облусу боюнча жалпы 104 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталса, анын ичинен 24 адам сырттан келгендер. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев онлайн брифинг учурунда билдирди.
"Облус боюнча коронавирус инфекциясы 104 адамдан аныкталган. Анын ичинен 70 адам айыгып чыкты жана 31 адам дарылануусун улантып жатат. Коронавирус аныкталган 104 адамдын 24ү сырттан келгендер болсо, 47 жаран вирус жуктургандар менен байланышта болгондор. Ал эми 33 жаран Бишкек шаарында иштегенине байланыштуу вирус жуктурушкан. Тилекке каршы облус боюнча 3 адам бул оорудан каза болду", - деди облус башчысы.