Элкарт картын “Бакай Банктан” алууга 5 себеп

“Бакай Банк” “Элкарт” карт системасынын дизайнын жаңыртты жана улуттук төлөм системасынын артыкчылыктарын эске салат.

1. Кыргызстандын бардык банкоматтарынан тейлөө

“Элкарт” картынан каражатты өлкөнүн бардык банкоматтарынан чыгаруу мүмкүн. Ошол эле убакта “Бакай Банк” Достук түйүнүнө киргендиктен, түйүнгө кирген башка банктардын банкоматтарын “Бакайдын” банкоматтарындагыдай эле шарттар менен колдоно алат.

2. Акысыз эки тиркеме

“Элкарт” карты менен сиз банктын “Bakai24” тиркемесин жана “Элкарт Мобайл” төлөм системасы менен колдонуп, “Элкарттын” башка карттарына тезинен которууларды жүргүзүүгө, мамлекеттик кызматтарды төлөөгө, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөөгө, коммуналдык кызматтарды, интернет, мобилдик байланышты төлөөгө, Клиринг жана Гросс системасы боюнча которууларды жүргүзүүгө жана башка көп кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк болот. Ал гана эмес “Контакт” системасы боюнча чет мамлекеттерден түз эле “Элкарт” картасына акча ала аласыз.

3. Күнү-түнү колдоо

“Бакай Банктын” байланыш борбору жана “Банктар аралык процессинг борборунун” колдоо кызматы аптасына 7 күн 24 саат бою иштейт: картка байланышкан суроолор боюнча телефон чалса, “WhatsApp” жана социалдык тармактарга жазса болот.

4. Акысыз чыгаруу

Жеке жактар үчүн “Элкарт” карты акысыз чыгарылат, кызмат көрсөтүү жылына 100 сом. Социалдык карттар,

пенсионерлердин карттары, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептер акысыз тейленет.

Онлайн жана оффлайн төлөм

“Элкарт” карты менен Кыргызстандын дүкөндөрүндө, кафе жана башка мекемелеринде, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы онлайн-дүкөндөрдө төлөсө болот. Онлайн төлөм жүргүзүү үчүн арыз жазуу керек. Карта аркылуу жасалган бардык операциялар жөнүндө маалымат алып туруу үчүн SMS-кабарлоону тиркесе болот.

Байланыш борбору 24/7:

6111 (мобилдик телефондордон);

+996 554 006 111 (WhatsApp).


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан