Бишкекте техникалык талаптарга жооп бербеген 16 кичи автобус каттамдан четтетилди
Баш калаада 22-августтан 30-августка чейинки
мөөнөттө техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 16 кичи автобус
иштен четтетилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
маалымдады. Кичи автобустар кемчиликтерин оңдогон соң кайра каттамга
кошулуу укугуна ээ болушат. Белгилей кетсек, шаардык транспорт башкармалыгы
кичи автобустардын техникалык, санитардык абалдарын жакшыртуу жана
айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз
иштерди жүргүзүп турат.