АКШ өкмөтү коронавируска каршы вакцинанын иштелип чыгуусун тездетүүдө

Бүгүнкү күндө АКШда COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгуу кызуу жүрүүдө. Долбоор жеке фармацевттик компаниялар жана мамлекеттик органдардын биргелешүүсү менен жүрүп жатат.

Жакында эле АКШ өкмөтү иш-аракеттер төмөнкү күчөтүлгөн багыттар менен жүрүп жатканын жарыялады.

Коронавирусту дарылоо ыкмасы жана вакцина иштеп чыгуу боюнча демилге ондон ашуун алдыңкы биофармацевтикалык компаниялардын башын бириктирет.

АКШ өкмөтү көп жылдык жана кошумча изилдөө үчүн COVID-19га каршы вакцинаны иштеп чыгууга 1 миллиард доллардан ашык каражат жумшады. Буга бир канча америкалык фармацевтикалык компаниялар жана эл аралык уюмдар өнөктөштүк кылган. Учурда АКШ өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен эки клиникалык долбоор вакцинаны сыноодон өткөрүп жатышат. Бул программалардын бири Норвегияда CEPI "эпидемияга даярдык боюнча инновациялар коалициясы" (Coalition for Epidemic Preparedness Innovations) менен кызматташтыкта ​​иштелип чыккан.

АКШнын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоого кошкон салымы акыркы 20 жылда 40 миллиардды түзгөн. Учурда дагы безгек, кургак учук жана полиомиелит оорулары үчүн инвестиция кылууда.

АКШ өкмөтү келечектеги медициналык мекемелердеги билим берүү, саламаттыкты сактоого, медициналык мекемелерди суу менен камсыз кылууга, ошондой эле лабораториялардын кубаттуулугун кеңейтүүгө, байкоо жүргүзүүгө 500 миллион доллардан ашык каражат сарптады. Бул жардамды дүйнө жүзү боюнча 100гө жакын мамлекет алган.

Булак: US Department of State (https://www.state.gov/the-u-s-is-leading-the-response-to-the-covid-19-pandemic-and-developing-a-vaccine/)

#stories_of_ca


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан