Парламент жыйынында кызматтык турак жайда 20 жыл жашагандарга үйдү менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Бүгүн, 20-майда парламент жыйынында кызматтык турак жайда 20 жыл жашагандарга үйдү менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Анда депутат Иса Өмүркулов бул мыйзам долбоорун жакшылап талдап чыгаруу керектигин айтты. "Бул жерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, көп балалуулар тууралуу айткан жокмун. Аларга бериш керек, маселе жок. Бирок анын так эрежелери болушу шарт. Мисалы, мыйзам ушундай түрдө кабыл алына турган болсо Жогорку Кеңештин үйлөрү бар. Эртең биз дагы кыйналып жатабыз деп турак жайларды менчиктештирип алсак, алыскы райондордон келген кийинки чакырылыштын депутаттары эмне болот? Ошондуктан, бул жерде критерийлер такталышы керек", - деди Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mintip-menu-suybo
2020-05-20 16:34:22
Ээми закондуу турдо менчиктештирип, жей башташат экен да...
+2
tular
2020-05-21 01:03:28
Өмүркуловго эмне жетпейт, малың тетири жайылатго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан