Баткендеги 500 миллион сомго бааланган каналдын курулушу дээрлик аяктады

Баткен районундагы каналдын курулушу 60 пайызга аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жалпы узундугу 46 чакырым болгон Баткен районундагы каналды куруу жана бийиктетүү курулушу жүрүп жатат. Курулуш, сугат суу берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо менен ишке ашып жатат. Ал үчүн суу берүүнүн альтернативдүү жолдору каралган", - деп билдирди мекеме кызматкери.

Азыркы күндө курулуш үчүн акча каражаты толук бөлүнүп берилип, 12 чакырым чарбалар аралык каналдын жана 12 чакырым ички чарбалык каналдын курулушу бүткөрүлдү. Курулуштун жалпы сметалык баасы 500 миллион сомду түзөт. Бул үчүн Кытай Эл Республикасы тарабынан грант бөлүнгөн. Каналдын курулушу толук аяктаса, 1 миң 200 гектар жерге суу жеткирилип, 1 миң 543 гектар сугат жерди суу менен камсыздоо жакшыртылат.

Бүгүнкү күнгө аткарылган жумуштардын болжолдуу суммасы 270 миллион сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekbol2006
2020-05-21 02:10:17
Жакшы жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан