Өкмөт: "Жанар Акаевдин премьер-министрдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз"

Депутат Жанар Акаевдин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат. Зарыл болгон учурда премьер-министр жана өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр", - деп жазылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев өкмөт башчы жыштык сатуудагы коррупцияга тиешеси жоктугун далилдеш керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан