Музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулады

Өлкөнүн маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду деп билдиришти өкмөттүн басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетине 15 миллион 480 миң сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bekish-
2020-05-20 18:09:34
Туура жакшы нерсе
+1
sirenaaaaa
2020-05-20 22:46:55
Канчадан айлык алышчу экен эле айтып койсо болмок экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан