3-сентябрда Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде 4 эм жарык дүйнөгө келди. Ымыркайлар 7 айлык болуп төрөлүп, аларга Диана, Лев, Влад жана Милана деген ысым ыйгарылды. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматкери Айнура Дооронбекова билдиргендей, ымыркайлардын эң чоңу 1700 грамм жана эң кичинекейи 1300 грамм салмакта төрөлдү. “Аларга жакшылап кам көрүү керек. Ошондуктан төрөт үйүнөн бул борборго которулду. Балдардын жана эненин абалы жакшы",- дейт ал.