Депутат Эмил Токтошев өкмөт кризиске каршы планын өздөрүнүн чыгашаларын кыскартуу менен башташ керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал өкмөткө кымбат баалуу Жип унааларын сатып, үнөмдүү транспорттордун түрлөрүнө өтүүнү сунуштады. "Мамлекеттик органдын кызматкерлеринин бардыгы кымбат баалуу Жиптер менен жүрөт. Эгерде 60-70 миң доллар турган 100 унааны сатсаңар, бюджетке бир топ каражат түшөт. Бул акчага 25 бала бакча курууга болот. Баары бир бул унаалар менен Ысык-Көлгө чейин эле барасыңар. Ошко учак менен учасыңар", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин жыйынында 2020-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда.