Индия менен Бангладешти "Амфан" суперциклону каптап, катуу жаан, шамалдан улам бир суткада 82 чакты адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Циклондун негизги күчү Индиянын Батыш Бенгалия деген көп калктуу штатына туш келген. Штаттын министри Мамата Банержинин айтымында, кырсыктан канча зыянга учураганын аныктоо үчүн бир нече убакыт керек болот. "Циклондон электр чубалгылары үзүлүп, турак жайлар, көпүрөлөр жарактан чыкты. Болжолдуу түрдө кырсыктан 72 адам каза болду. Алардын көпчүлүгүн ток уруп же дарак басып калган", - деген Банержи. Анын айтымында, штат коронавирус пандемиясынан да көп чыгымга, кыйроого туш болгон.
Алдыда дагы күтүлүп жаткан жаратылыш кырсыгына байланыштуу Индия жана Бангладеште 200 миллиондон ашуун адамды эвакуациялоону жарыялашты. Эки өлкөнүн бийлиги тең коронавирус эпидемиясы кырсыктын алдын алууга тоскоол болгонун билдиришкен. Анткени инфекция жуктуруудан коркуп көпчүлүк башпаанекке баруудан баш тартышкан.