Англияда карантинде дүкөндөрдө, фабрикаларда ундун тартыштыгы жаралды. Мындан улам унду өндүрүү күчөтүлгөн режимге өттү деп жазышат дүйнөлүк басылмалар.
Ага ылайык, Оксфордшир аймагындагы завод пандемия башталгандан бери унду 4 эсе көп, тагыраагы, күнүнө 13 миң мүшөк ун өндүрүүдө. Азыкты мындай ири көлөмдө өндүрүү үчүн заводдун жетекчилиги кызматкерлердин санын көбөйтүп, завод күнү-түнү иштөөгө өткөн. Заводдун 24 саат бою тынымсыз иштөөсү 125 жыл мурда болгон.
"Жарандар пандемиядан улам үйдө отуруп, ундан ар кандай тамак-аштарды көп даярдоосу азыкка болгон суроо-талаптын жогорулашына алып келди. Алтургай унду заводдон алып, үстүнө акча кошуп саткан окуялар кездешүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Унга болгон суроо-талап Европанын айрым өлкөлөрүндө дагы байкалган. Францияда тургундар март айында унду эки эсе көп ала баштаса, Италияда унга болгон талап экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу эң жогорку чекке жеткен.