Кыргыз өлкөсүндө доллардын расмий курсу бир жарым айда 10 сомго төмөндөдү. Улуттук банк 22-майга карата доллардын курсун 75 сом 2 тыйын деп аныктады.
Ушул жылдын март айында соңку 3 жыл бою 70 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген АКШнын акчасы 3 сомго кымбаттаган. Көп өтпөй, сом дагы кунун жоготуп, доллардын курсу 85 сомго дейре көтөрүлгөн. Апрель айынын башынан тартып доллардын баасы акырындык менен кайра ылдыйлаган.
Доллардын курсу жакынкы арада кандай болот? Түшөбү же көтөрүлөбү? Бул боюнча эксперттердин пикирин уктук.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров чек аралар жабык болуп, долларга муктаждык жок болуп жатканын айтты. "Эгерде соода-сатык дагы эле ушинтип токтоп тура берсе, доллардын курсу 70 сомго чейин түшүшү мүмкүн. Чек аралар ачылып кетсе, доллар азыркы курстун тегерегинде турат. Биздин сомдун туруктуулугу орустун рублинин туруктуулугу менен байланып калды. Бирдиктүү экономикалык аймакка киргенибиз үчүн бардыгы Кыргыз өлкөсүнүн өзүнөн көз каранды эмес. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичиндеги экономикалык абал кандай болсо, бизде да ошондой болот. Чек аралар жабык болуп, долларга муктаждык жок болуп жатат. Чек ара ачылса доллар керек болуп, мүмкүнчүлүктөрү бекемделип баштайт", - дейт Акылбек Жапаров.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров азыркы учурда өлкөдө доллардын кунун көтөргөнгө эч ким кызыкдар эмес деген пикирде. "Анткени азык-түлүк, күнүмдүк товарлар көпчүлүк учурда бизге импорт аркылуу келет. Доллардын куну өсүп кетсе, биздин жарандарга оор болуп калат. Тышкы карызыбыздын көлөмү көбөйөт. Ошондуктан доллардын өсүшүнө эч ким кызыкдар эмес. Улуттук банк көптөн бери ушундай саясатты жүргүзүп келе жатат. Бир, эки ай мурун эле доллар көтөрүлүп, кайра түшөт деп айткам. Доллардын курсу өсүп кетсе бардык нерсе кымбаттап, пенсияларды, мамлекеттик кызматкерлердин айлыктарын көтөрүш керек болот. Андайга мамлекетибиз даяр эмес. Азыркы учурда мамлекет доллардын курсун өстүрбөгөнгө бүт аракетин жумшайт", - деди Абдыров.
Экономист Кубан Чороев доллардын курсунун көтөрүлүшүнө негиздер жок экенин айтты. "Бизде өткөн айларда доллардын курсунун көтөрүлүшүнүн себеби девальвациялык күтүүлөр болгон. Дүйнөлүк рынокто процесстер жүрүп жатат. Кыргыз өлкөсүндөгү көптөгөн кишилер сактаган акчасын долларга айлантып коёюн деп долларга болгон талап көбөйүп кеткен. Азыр андай жагдайлар жоюлуп, элдер жай турмушка келип калгандыктан, курс кайра артка ойноп жатат. Бул процесс өйдө-төмөн боло берет. Бирок мурунку кризиске чейинки деңгээлге кайра артка тартуу күчү болот. Ошондуктан азыркы болуп жаткан процессти мыйзам ченемдүү деп айтсак болот. Доллардын курсунун көтөрүлүшүнө негиздер жок. Доллардын курсун дүйнөдө процесстер көтөргөн жок да. Бул дүйнөлүк процесстерге болгон реакциябыз. Бул дүрбөлөң", - дейт ал.