Бүгүн, 4-сентябрда Кыргызстандан саат 11:00дө учуп кеткен учактагы кыргызстандык жүргүнчүлөрдү Екатеринбург шаарынан түшүрбөй коюшкан. Анын себеби учактагы бир жаш баланын дене табы көтөрүлгөндүгүндө экендигин ТИМден билдиришти. Маалым болгондой, санэпидемстанциянын кызматкерлери келип, баланы текшерген соң бардык жүргүнчүлөргө учактан чыгууга уруксат берилген. Бул текшерүү Кыргызстанда кара тумоонун чыккандыгына байланыштуу эмес экендиги, бул иш эл аралык нормага ылайык жүргүзүлгөнү айтылды.