Памирден Алайга келген балдар компьютер үйрөнгүсү келет. Өкмөттүн өкүлчүлүгү алардын каалоосу аткарыларын айтты

Алай районунун Сары-Могол айылында Памирден келип жашап жаткан кыргыздардын компьютердик сабатын ачуу боюнча курстар уюштурулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Сары-Могол айылындагы памирлик боордоштордун балдары менен маектешип, каалоолорун укту. Балдар компьютер үйрөнгүсү келгенин билдиришти. Эми аларга компьютердик сабатын ачуу боюнча кыска мөөнөттүү курстар уюштурулат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке тапшырма берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан