Пакистандагы Карачи шаарындагы турак үйлөрдүн үстүнө кулаган учактан 13 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Кырсыктан Пакистандын банкында иштеген Пунжаб Зафар Масуд аман калгандыгын туугандары билдиришкен. Ал эми калган жүргүнчүлөрдүн тагдыры тууралуу маалымат жок. Учак кулаган аймактан каза болгон 13 адамдын сөөгүн чыгарып кетишкен. Андан сырткары райондо жашаган 25-30 чакты адам ооруканага жеткирилген. Азырынча каза болгон, жабыр тарткандардын так саны жарыялана элек.
Белгилей кетсек, кырсыкка кабылган учакта 90 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон. Кырсыктын себеби азырынча анык эмес.