Пакистандын Карачи шаарына жакын жерде кулаган "Пакистан эл аралык авиалиниялары" компаниясына таандык "Airbus 320" учагынын кара кутусу издөө тобу тарабынан табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, диспетчер учактын учкучуна сол жакка кетип бара жатканын айткан. Анда учкуч: "Биз түз баратабыз, кыймылдаткыч иштебей калды" деп жооп берген. Кийинчерээк аэропорттон ага конуу тилкесинин номуру айтылган. "Кабыл алынды" деп жооп берген учкуч. Андан кийин учкуч жардам сигналын баскан.
Ошондой эле учак кырсыгынан кеминде 90 адам каза болгону айтылууда. Мындан тышкары 5 үй жана бир нече автоунаа кыйраган.
Буга чейин Пакистанда жүргүнчү ташыган "Airbus 320" учагы кулагандыгы маалымдалган.