
Бул жылы Бишкек шаарындагы билим берүүчү 51 мекемеге капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалдууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, шаардагы Октябрь жана Свердлов райондорундагы 34 мектеп, 14 бала бакча жана балдардын 2 чыгармачыл борборлору оңдоодон өтөт. Имараттардын сырты, жылытуу системи, тамактануучу жайлары, санитардык жайлары, сырткы тосмолоруна ремонт иштери жүргүзүлөт.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 88 пандус орнотулат. Капиталдык оңдоп-түзөө иштерине каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт. Белгилей кетсек, Бишкекте жалпысынан 97 мектеп, мектепке чейинки билим берүүчү 86 мекеме, балдардын 5 чыгармачыл борборлору иштейт", - деп маалымдашты мэриядан.