Бишкектин мэри Орозо айтта элди көпчүлүк болуп топтолбоо эрежелерин аткарууга чакырды

"Алдыда Орозо айт майрамы турат. Бул күнү мен сиздерди көпчүлүк болуп топтолбоого, байланышты азайтууга чакырам. Бул оорунун жайылышынын алдын алуучу жолдордун бири", - деди бүгүн, 23-майда маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Ал Бишкекте эпидемиологиялык абал кооптуу болуп турганына токтолду.

"Бул оорунун симптомсуз өткөн учурлары көп. Демек, инфекциянын жайылышын шарттаган учурлар көп. Баарыбыз эпидемиологиялык нормаларды так сактайлы", - деди шаар башчысы.

Айтымында, Бишкек шаарында жалпы 348 адам коронавирусту жуктурган, анын көбү Ленин районунда аныкталган.

Соңунда мэр шаар тургундарын Орозо айт майрамы менен куттуктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bars88
2020-05-23 11:53:02
Курман раазы болсун.Сиз айтканыныздай болот уйдон чыкпайбыз
+2
Kurbanalieva1991
2020-05-23 12:49:24
Откон жылдагыдай дагы Бир нерсе деп доорудубу деп Кире калсам...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан