Кир жуучу машина, муздаткыч. Ырчы Самара Каримова Кыргыз-Тажик чек арасында жашаган элге 1 жарым миллион сомдук жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова Кыргыз-Тажик чек арасында жашаган мекендештерибизге барып, 1 жарым миллион сомдук жардам көрсөттү. "Кайрымдуулук иштерибиз менен башкаларга үлгү бололу" деген максатын айткан ырчы айым төмөнкүлөргө токтоло кетти.

"Буга чейин үй-бүлөбүздүн атынан Лейлек районунда селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, Оштогу "Тез жардам" кызматында иштегендерге, муктаж үй-бүлөлөргө, карылар үйүнө жардам көрсөткөн элек. Андан кийин кайрымдуу адамдар көп экенине көзүм жетип, Элсомдон эсеп ачкам. Элсомго жалпы 200 миң сомго жакын акча түштү. Ага АКШдагы мекендештер, интернет айдыңындагы менин күйөрмандарым өз салымын кошушту. Менин кайрымдуулук демилгемди Каныбек аттуу жигит колдоп, экөөбүз жалпы 1 жарым миллион сомго Лейлектеги Кыргыз-Тажик чек арасында жашаган алыскы аймактагы мекендештерге май, ун, күрүч, шекер сыяктуу күнүмдүк турмушта керектелүүчү азык-түлүктөрдү алып, андан сырткары акчалай жардам, телефондоруна бирдик салып бердик. Ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөрдү кир жуучу машина, муздаткыч менен камсыздадык", - дейт Самара Каримова.

Самара Каримова Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан жабыр тарткандарга жардам берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Sajakat14
2020-05-23 16:39:35
Азаматсыз!
+5
nazarnew
2020-05-23 16:49:55
Бул кыз менен Айгеримде бабки көп окшойт. Молодцом жакшылык кылганыңар үчүн.
+6
Mirlan27011987
2020-05-23 16:54:30
Биринчи ушул Самара, Анжеликага окшоп оокат кылып алгыла. Булар жонундо ар кайсы ушактарды суйлой бербей. Кыздардын кийген мини юбкасына, шымына, жамбашына, фигурасына асылган молдокелерге айтаарым, биринчи силер ушундай кыздарга окшооп оокат кылып алгыла.
-12
Belek1710
2020-05-23 18:04:53
Самара Азаматсың!
+5
33SUUN
2020-05-23 18:26:00
10кг унду которуп алып -Уйундо эмнелер бар? - деп текшерип андан кийин - Ушул унду кошунанар экоонор болуп алгыла! деп жардам бергендер корушсун. Азаматсын Самара!
+4
bekmaral
2020-05-23 19:59:58
Жеп жутарлар коргуло.Алла ыраазы болсун.Самара мурун анча жага берчу эмес.Ушундай сооп иштерин коруп сыйлап калдым.Бар бол бай бол байлык менен болушкондор чанда гана сендей ыймандуулар.
+1
aiza.kyrgyzkyz
2020-05-23 21:37:45
Аллахым кылган жакшылыктарынарды 10 эселеп кайтарсын, бактылуу болгула,балдарындын жакшылыгын кор. Аллахым ыраазы болсун Самара.
-2
bond02
2020-05-23 22:08:27
Посредник.
+3
Baku88
2020-05-23 22:31:07
Алгандын бермейи бар
+2
KaGaH
2020-05-23 23:02:31
Асан жүрөт го балпайып )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан