Ош облусунун Кара-Суу районунда бала бакча жетишсиз экенин район акими Тилек Матраимов билдирди. "Кара-Суу районунда быйыл 14 бала бакча ишке берилмек. Бирок анын ичинен 6 бала бакча гана бүттү. Калгандарында учурда курлуш иштери жүрүп жатат, качан бүтөрү белгисиз",- дейт район акими.