Кайсы кесипти тандасам? Кандай кесиптерге суроо-талап жогору? Чет өлкөдө окуган кыргыз студенттери кеңеш беришет

Окуу жылы дагы аяктап калды. Алдыда бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик сынактар, Жогорку республикалык тестирлөө күтүп турган чагы. Мындан сырткары бүтүрүүчүлөрдү кайсы кесипти тандасам, кайсы жогорку окуу жайына тапшырсам, ЖРТдан канча балл алам, кайсы өлкөдө билимимди улантсам жана башка суроолордун кучагында калганы айтпаса дагы белгилүү. Кээ бир бүтүрүүчүлөр келечектеги кесибин тандап койсо, кай бири түмөн ойдун арасында калып, кесип тандай албай олтурган чагы.

Ал эми SUPER.KG порталы бүтүрүүчүлөргө аз болсо дагы бул жаатта көмөк көрсөттү максатында Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку окуу жайларын аяктап, учурда Португалия, Германия, Польша жана Казакстанда билим алып жаткан кыргыз студенттерине "Учурдагы адистигиңиз жана ал кесипти эмне үчүн тандап алдыңыз? Азыркы учурда кайсы кесиптерге суроо-талап жогору деп ойлойсуздар? Кесип тандоодо эмнеге көңүл буруу зарыл? Сиздер жашап, окуп жаткан өлкөлөрдө кесип тандоого кандай мамиле жасашат экен?" деген суроолор менен кайрылып, алардын берген маалыматтарын, кеп-кеңештерин тизмектеп чыкты.

Эрмек Темирбек уулу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Жогорку кесиптик мектебин аяктаган. Түркиядагы Кастамону университетине тапшырып, ортодон эки жылга академиялык тыныгуу алып
АКШга барып келип, азыр кайрадан Кастамону университети аркылуу тапшырган
Erasmus+ программасы менен Португалиядагы Politécnico de Leiria университетинде
окуусун улантып жаткан учуру.

"Маянасы көп деп эле кесип тандай бербеш керек"

- Кесибим туристтик гид. Бул кесипти тандаганымдын себеби саякатты жакшы көргөнүмдө жана кеңсе жумушун жактырбаганымда деп ойлойм. Күн сайын бир кеңсеге же бир эле ишканага бара бергенди эч жактырбайм. Ал эми биздин кесипте ар дайым жаңы адамдар менен, жаңы жерлерде болуп, жумушуңду сүйүп аткарсаң болот. Албетте, кээ бир адамдар туруктуулукту каалап, бир эле жерде иштөөнү жактырышат. Бул болсо адамдын жеке табиятына көз каранды.

Акыркы жылдары маалымат технологиялары (IT) тармагына кызыккандар көп болуп жатат. Суроо дагы, талап дагы жогорку деңгээлде. Ошондуктан, кесип тандоонун алдында турган бүтүрүүчүлөргө ушул тармакка көз жүгүртүүсүн сунуштайт элем. Алдыңкы жылдарда адистердин айтуусу боюнча, технологиянын өнүгүүсү жогорку деңгээлде болот жана бул тармакта адистер, албетте, керектелет.

Негизи адам өзүн анализ кылыш керек: мен киммин, эмнеге кызыгам, эмнени ырахаттанып аткарам, кайсыл жөндөмдөрүм бар жана кайсы жөндөмдөрдү өздөштүрүшүм керек деген сыяктуу суроолорду кагазга жазуусу зарыл. Маянасы көп деп эле кесип тандай бербеш керек. Анткени, сага окшоп тапшыргандар да көп болот жана кесип тандаган соң, ошол кесиптин эң мыктысы болууга аракет кылбаса, азыркы атаандаштык рыногунун көлөкөсүндө калып кете бермекчи.

Мындан сырткары ата-эненин ойлорун сыйлагыла, бирок кесипти келечегим үчүн, бактылуулугум үчүн өзүм тандашым керек деп сылык түшүндүргүлө. Өзүнө тың болгон адамдын тандоосуна эч ким аралаша албайт. Ал эми өзүн башкара албаган адамга жүз адам жүз багыт көрсөтө берет. Жакындарыңарга жеке жашооңорго жоопкерчиликти алууга дараметиңер жете тургандыгын иш жүзүндө көргөзсөңөр, силерге эч ким буйрук бербей, тескерисинче колдойт.

Жогоруда айткандай эле кайсы мамлекетте болбосун жаштар кесип тандоодо жаңылыштык кетиришет жана окуудан ырахат албай, эптеп диплом алсам болду деп окуусун уланта беришет. Албетте, чет өлкөлөрдө жаштар өзүнүн кесибин тандоодо бир аз олуттуу мамиле жасашат. Ошону менен бирге эле 90 пайыз студенттер окуусун бүткөн соң эмне кылаарын билбейт. Ошон үчүн абитуриенттер максатын тактап, ошол максатына жараша факультет тандоосу зарыл. Кайсы университетке ЖРТ баллым жетсе, ошол жакка тапшырам дебестен, кыялыңыздагы университетке өтө тургандай ЖРТга даярданып, жетишээрлик балл алуу керек.

Акак Сыргак кызы учурда Германиянын Дортмунд шаарындагы Дортмунд университетинин Экономикадагы информатика бөлүмүн аяктап, дипломдук ишин жазып жаткан учуру. Окуудан
сырткары "PWC" компаниясында IT-консультант болуп эмгектенет.
Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер жана эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.

"Сиз тандаган кесиптин келечеги барбы? Ошого көңүл буруңуз!"

- Мага мектепте окуп жүргөндө эле так илимдер жакчу жана чет өлкөдө билим алууну кыялданчумун. Бирок кийин университетке тапшырганы келгенде мен каалаган окууда бюджеттик негизде окутуу жок болгондуктан, чет тилдер факультетинин бюджеттик бөлүмүнө тапшыргам. Себеби ал убакта көпчүлүк чет өлкөгө чыккан студенттер так ушул факультетте болчу. Ошол жерде окуп жүрүп тил үйрөнүп, кийин "Aupair" программасы аркылуу Германияга келдим. Бул жакта университетте окуу акысыз экенин угуп, келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болорун изилдеп, анан Дортмунд университетинде IT тармагында билим алууну чечтим. Учурда окууну аяктоо алдында турам, дипломдук ишимди жазып жатам.

IT - бул келечектин кесиби, замандын талабы ошону менен бирге чоң мүмкүнчүлүктөргө эшик ачат.

Мен Кыргыз өлкөсүндө көп жылдардан бери жашабагандыктан, ал жактагы жумуш рыногун өтө жакшы билбейм, бирок глобалдык жактан алып караганда, дүйнө жүзүндө эң суроо-талап жогору болгон кесиптерди атап өтөйүн: Дарыгерлер, медайымдар, мугалимдер, IT адистери (мисалы, IT Security адистери, программисттер, Data Scientist, бизнес аналитиктер, проект менеджерлери), инженерлер, механиктер жана башкалар.

Ааламдашуу жана санариптешүүнүн негизинде келечекте көптөгөн кесиптер жок болуп кетет деп ойлойм. Ошого карабастан кайра эле бир топ жаңы кесиптер пайда болот. Жогоруда айтып өткөндөй эле IT багытында билим алсаңыз адашпайсыз, бирок ошол эле учурда ойлонуңуз, бул кесип мага туура келеби деп.

Кесип тандоодо бир канча критерийлерди карап өтсөңүз болот:

  • Ата-энеңиздин, жакындарыңыздын каалоосу менен эмес, өзүңүзгө жаккан кесипти тандаңыз;
  • Сиз тандаган кесиптин келечеги барбы? Ошого көңүл буруңуз;
  • Сиз тандаган кесип бир гана Кыргыз мамлекетинин ичиндеги суроо-талап эмеспи? Дүйнөдөгү суроо-талапка карап алыңыз;
  • Эгер мага окшоп айла жок бюджетке тапшырганга туура келсе, кийин кесибиңизди өзгөртүп кеткенден коркпоңуз.

Германияда кесип тандоону мектептеги курагынан баштап эле ойлонуп башташат. Себеби мектептеги алган баалары аркылуу гана университеттерге кире алышат. Эгер 1-2 семестр окугандан кийин тандаган окуусу жакпай калса, башка тармакка өзгөртүп кеткен кадимки эле көрүнүш. Анан билим алуунун эрте-кечи жок деп билишет. Бир топ жыл башка багытта иштеп жүргөн болсо дагы, кийин өзү кызыккан окууга тапшырып, жашына карабай окуй беришет. Анан кайсы кесипти тандабасын өз ишин мыкты билген профессионалдуу адистер болушат.

Аскат Мокоев, 23 жашта, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Финансы
жана кредит багыты боюнча аяктаган. Учурда Казакстандын Астана шаарындагы Л.Гумилев
атындагы Евразия улуттук университетинде экономика багыты боюнча магистратурада
билим алып жаткан кези. Мындан сырткары Орусиядагы РУДН университетинин магистранты.

"Эгер университет техникалык багытта болсо, анда бул университеттин гуманитардык багытына тапшыруунун кажети жок деп ойлойм"

- Менин алгачкы кесибим банк ишмердүүлүгүнɵ жана мамлекеттик каржы системине байланыштуу болчу. 4 жылдык билимди алган соң, кесибим менен 1 жылдай эмгектенип, тажрыйба топтой алдым. Азыркы кесибим болсо жалпы жана эл аралык экономиканы мамлекеттер ортосундагы экономикалык байланыштарды окутат.
Жалпысынан экономика тармагын тандап алганыма бул кесиптин коомдогу популярдуулугу түрткү болгон жок. Эмнеге дегенде, мектепте окуп жүргөндө эле ɵзүмдү ушул тармактын адиси катары көргүм келип, кызыгуум күчөгөн. Экономика тармактагы ар кандай макалаларды, жаңылыктарды кɵп окучумун.

Андан тышкары кесибимдин кɵп багыттуулугу да бул кесипти тандап алууга түрткү болду десем болот. Мисалы, эгерде сиз экономика боюнча билим алсаңыз, мамлекеттик кызматтарда, банк чɵйрɵсүндɵ, жеке ишканаларда жана башка каржы ишканаларында эмгектенсеңиз болот. Мындан сырткары жеке ишкерлик кылуу багытында да негизги курстарды экономика багытынан аласыз.

Жакынкы убактагы экономика илимдеринин магистри катары айта кетсем, бүгүнкү күндɵ экономиканын бардык тармактары жаңыланууга муктаж болуп турат. Өзгɵчɵ КМШ ɵлкɵлɵрүндɵ жаңы экономикага суроо-талаптар жана муктаждык абдан жогору. Мисалы, мамлекеттик иш-жүгүртүүлɵрдү санариптештирүү, ɵндүрүштү автоматташтыруу, интернет булактары аркылуу иш жүргүзүү, онлайн кызмат кɵрсɵтүүгɵ талаптардын жогорулашы, маалыматтык технологиялар, программалоо багытындагы кесиптерге суроо-талап ɵсүп жатат. Суроо-талаптан сырткары программалоо багытындагы адистердин кызмат кɵрсɵтүү акысы да абдан жогору. Бирок бул кесиптин чыныгы суроо-талапка ээ адиси болуп чыгуу үчүн талыкпаган билим, тажрыйба, эң негизгиси кызыгуу жогору болуусу керек.

Мектепте билим алып жүргɵн учурда эле келечектеги кесибиңиз боюнча ойлонуп, ар кандай кесиптерди талдап, изилдеп баштоо зарыл. Андан тышкары ата-энелер да баланын кайсыл тармакта таланты же болбосо кызыгуусу бар экенин аныктай билип жана ылайыктуу кесиптерди сунуштоосу абзел.

Эгерде сизде мектеп учурунда жогорудагыдай иштер жүргүзүлбɵсɵ, анда тɵмɵндɵгү сунуштар кесип тандоого жардам берет:

  • Келечекте кайсыл шаарда жана региондо жашоону пландайсыз же жашоого муктажсыз;
  • Сиз жашаган аймакта экономиканын кайсыл тармагы ɵнүккɵн.

Алсак, мен тɵрɵлүп ɵскɵн Токтогул району экономиканын энергетика тармагы менен белгилүү, албетте, бул региондо энергетика тармагы боюнча адистерге суроо-талап жогору.

Андан тышкары сиз тапшырууну каалап жүргɵн окуу жай болсо, ошол окуу жайда кайсыл факультет престижге ээ жана күчтүү. Эгер университет техникалык багытта болсо, анда бул университеттин гуманитардык багытына тапшыруунун кажети жок деп ойлойм.

Казакстанда Кыргыз өлкөсүнө салыштырмалуу мамлекеттик окуу жайлардын популярдуулугу жогору. Мамлекеттик окуу жайларда билим алган студенттердин кɵпчүлүгү мамлекеттик грант менен билим алышат. Албетте, гранттар рыноктун кайсыл тармактарына адистер жетишсиздигин изилдеп, ошого жараша ар кайсы кесиптерге тиешелүү сандагы гранттарды бɵлɵт. Ошондуктан мамлекеттик окуу жайлардын бүтүрүүчүлɵрүнүн баары жумуш менен камсыз болот.

Казакстанда мамлекеттик билим тармагында программалар иштейт. Мисалы, "Болашак" программасы ɵлкɵнүн мыкты жаштарын мамлекеттик кызматтарда жетишсиз болгон кесиптерди мыкты кадрлар менен толуктоо үчүн дүйнɵнүн эң алдынкы окуу жайларына мамлекеттин каржылоосу менен окууга жɵнɵтɵт. Окуусун аяктаган соң "Болашактын" бүтүрүүчүлɵрү мамлекеттик кызматтарда иштеп, ɵлкɵнүн ɵнүгүүсүнɵ алган билими, тажрыйбасы менен салымын кошуп келишет.

Чолпон Токтосунова, 22 жашта, азыркы учурда Польшанын Катовице шаарындагы Бизнес академиясында (WSB University) магистратурада Эл аралык Бизнес менеджмент бөлүмүндө
билим алууда. Бишкек гуманитардык (азыркы мамлекеттик) университетинин
Эл аралык мамилелер бөлүмүнө тапшырып, бакалаврды аяктаган.

"Бул жакта жогорку окуу жайларда IT, инженерия, физика тармагы абдан актуалдуу"

- Бул кесипти тандаганымдын себеби кичинекей кезимден эле башкаруу, саясат, дипломатия, бизнес тармагына кызыкчумун. Келечекте мекениме салым кошкон мыкты кадрлардан болоюн деген тилек, максат менен азыркы күнгө чейин ушул жаатта билимимди тереңдетип келем.

Азыр технология доорунда жашап жатабыз. Бардыгы тез-тезден алмашып жатат. Ошондуктан, азыркы күндө IT тармагы абдан актуалдуу деп ойлойм. Ар бир кесипте юрист болобу, экономист болобу IT тармагын мыкты түшүнүп билген кадрлар бааланат.

Кесип тандоодо абитуриент өзүнүн шыгына, өзүнүн каалоосуна, келечекте ушул кесип мени багат, ушул жумушту мен сүйүп аткарам деген ой менен тандаш керек. Албетте, кесиптин азыркы заманда актуалдуулугуна дагы чоң маани берүү зарыл деп ойлойм. Ата-энеси тандап берген окуу жайды, кесипти студент каалоосу жок болсо убактысын бекер кетирип, орто жолдо таштап салуусу ыктымал.

Польшада кесип тандоого абдан чоң маани берилерин байкадым. Окуучу мектепте окуп жатканда эле кайсыл кесиптин ээси болорун билет, себеби мектепте окуучу өзүнө жаккан сабагын тереңдетип окуйт. Бул жакта жогорку окуу жайларда IT, инженерия, физика тармагы абдан актуалдуу. Окуу баасы дагы кымбат, ошого карабай абитуриенттер тапшырып окушат, себеби бул кесиптер дайыма актуалдуу экенин, келечекте кереги тийээрин жана бул кесиптер аларды багарын билишет.

- Пайдалуу маалыматтар менен бөлүшкөнүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздерге ийгиликтерди каалайбыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
algakaray
2020-05-27 07:55:00
Билимин болуп, суйгон кесибин менен иштесен бактылуулук ушунда экен. Жашоондо кор болбойсун.
+7
ZUXRIDDIN20
2020-05-27 08:47:22
Рахмат супер кг
Студенттер учун ушундай маалыматтарды көп чыгарып тургула
+5
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-05-30 16:49:59
Мен кесибимди алмаштырышым керек.
+1
Kaninaiman
2020-05-31 09:04:49
Эхх менда оз кесибим медик иштегим келет куйом иштетпейт,мугалим эле болбопмун,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан